Саймаитиге болгон кол салууну мекемелер аралык тергөө тобу иликтейт

Саймаитиге болгон кол салууну мекемелер аралык тергөө тобу иликтейт

“Азаттык”, “ОССRP” жана “Клооптун” «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсүндө айтылган айрым фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мекемелер аралык тергөө тобу түзүлдү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 24-ноябрда түзүлгөн тергөө тобуна УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрү кирген.

 “Учурда айтылып жаткан фактылар боюнча тергөө амалдары башталды. Маселенин баардык жагынан жана бейтарап тергөө жүргүзүү үчүн аталган фактылар тууралуу маалыматы бар жана “Азаттык”, “OССRP” жана “Клооптун” иликтөөсүндө аты аталган адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт”, — деп жазылат маалыматты.

Буга чейин Башкы прокуратура  кытайлык ишкер Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө ага карата кол салуу фактысы боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланды. 

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>