Сак болгула! Бишкекте 2 саат аралыгында каттуу шамал болот

Сак болгула! Бишкекте 2 саат аралыгында каттуу шамал болот

Бишкекте жакынкы 2 саат аралыгында катуу шамал болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбордо туруксуз аба ырайы күтүлүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бишкек мэриясы жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга унааларын бак-дарактын жанына, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоону эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>