Сакалыңарды алгыла. Наманганда сакал коюп жүрүүгө тыюу салынууда

Сакалыңарды алгыла. Наманганда сакал коюп жүрүүгө тыюу салынууда

Наманган шаарынын «Чорсу» базарында иштеген эки ишкер ички иштер органдары менен салык инспекциясынын өкүлдөрү алардан сакалдарын алууну талап кылып жатканына даттанышты.

Ишкерлердин бири тилкелик милиция кызматкерлери ага күч колдонууга аракет жасаганын билдирди:

Мен аларга дин тутуу эркиндигимди чектеп жатышканын айттым. Бирок мени угушкан жок. Күч менен милиция бөлүмүнө алып кетүүгө аракет жасашты, ошол маалда кишилер топтолуп, алар бул аракетин ишке ашыра алышкан жок. Мен сакалымды алдырган жокмун.

Дагы бир сатуучу базар администрациясынан үч жолу эскертүү алган. Анын айтымында, кызматкерлер сакалчандарды тескөө боюнча«жогору жактан» буйрук түшкөнүн билдирген.

23-августта Ташкенттеги «Малика» базарында сакал койгондорго каршы рейд жүрүп, ондогон адам кармалган. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин сакалдары алынып, андан соң үйлөрүнө кое берилген.

Бир нече күндөн кийин Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы кишилердин жүзүн аныктоодо сакал «акылдуу» камералар үчүн кедерги болуп жатканын маалымдаган.

Мекеменин билдирүүсүндө «айрым жарандарга биометрикалык паспортторундагы сүрөттөрүнө ылайык, өздөрүн иретке келтирүү сунушталганы» белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>