Саламаттык сактоо министри Үрүмчүдөн келген студенттерден кабар алды — сүрөттөр

Саламаттык сактоо министри Үрүмчүдөн келген студенттерден кабар алды — сүрөттөр

Кечээ, 28-январда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казакстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, “Чалдовар”, “Акжол” СКПнын жана “Кайыңды” темир жол СКПнын адистери тепловизордун жардамы менен келген жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, алардын ден соолугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө.

Ошондой эле министр Москва жана Жайыл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү боксташтырылган (обочолонуп бөлүнгөн) палаталардын даярдыгы жана керектүү болгон жабдыктар менен камсыздалышын текшерип чыкты.

[su_image_carousel source=»media: 19297,19295,19294,19296,19292,19293″]

Мындан тышкары, Космосбек Чолпонбаев бүгүн таң эрте Казакстан аркылуу автотранспорт менен келип, Ысык-Ата аймактык ооруканасына жайгаштырылган Кытайдын Үрүмчү шаарында билим алган студенттерден кабар алып келди. Бардык студенттерге үзгүлтүксүз медициналык кароо жүргүзүлүп жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык жана коронавирустун эч бир клиникалык белгилери аныкталган жок.

Министр бардык жоопту адистерге тыкыр санитардык көзөмөл жүргүзүүгө, Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам чара көрүү штабы менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турууга көрсөтмө берди.

Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 27-январына карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган бир дагы учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>