Коронавирус. Энесинен жуккан 1 эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар

Коронавирус. Энесинен жуккан 1 эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар

24-март саат 18:30га карата өлкөдө коронавирус илдетинин жаңы учуралары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бугүн саат 12:42де коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталганы тууралуу маалымат тараткан.

Ооругандардын арасында энесинен жуккан 1 эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Калган бейтаптардын жашы – 16 жаштан 86 жашка чейин.

Кыргызстан боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 адам.

Мындан тышкары Пакистанга даваатка барган дагы бир Кыргыз жараны вирус жуктуруп алганы белгилүү.

Кечээ, 23-мартта Пакистанда жүргөн кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталганын, ал менен кошо 4 адам дааватта жүргөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирген эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>