Саламаттыкты сактоо министрлиги: Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциясы учурунда жабыркаган эки жаранга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргенин «Марал» жазып чыкты.

Маалыматта резина октон жабыркаган эки жаран Чүй облустук ооруканасына  түшкөнү айтылат. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы орточо туруктуу.

Буга чейин министрлик Кой-Таштагы операцияга байланыштуу Чүй облусунан беш тез жардам бригадасы иштеп жатканын, Бишкек шаарынан кошумча дагы үч тез жардам чакырылганын билдирген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>