Салык кодексине өзгөртүлөр киргизилди

Салык кодексине өзгөртүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеште ушул жылдын 26-июнунда кабыл алыган.

Бул ыйзамга ылайык, жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү берими КНСтен  (кошумча нарк салыгы) бошотулган берим болуп саналат.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча азыркы учурда 12 менчик медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат. Ошол эле учурда гемодиализ процедурасына муктаж болгон адамдардын саны көбөйүүдө.

КНС төлөөдө салык жеңилдиктерин берүү менчик медициналык уюмдарга гемодиализ аппараттарынын паркын, көмөкчү жабдууларды жаңылоого жана медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болот. Ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон адистешкен медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондордун санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>