Салык кызматы: Акыркы жылдары жарандардын төлөм терминалдарына болгон ишеними артууда

Салык кызматы: Акыркы жылдары жарандардын төлөм терминалдарына болгон ишеними артууда

Кыргызстандыктар 2019-жылы салыкты 345 миң жолудан ашык  дистанттык түрдө төлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

2019-жылы кыргызстандыктар перифериялык түзүмдөр аркылуу 426,6 млн сом суммасында 345 миң 670 салык төлөмдөрү жүргүзүлгөн. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 27,1 миң төлөмгө же 45,7 млн сомго көп.

«Акыркы жылдар аралыгында жарандардын төлөм терминалдарына болгон ишеними артууда. Алар аркылуу 2019-жылы 340,7 млн сомго 285 миң 889 төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда, салык төлөөчүлөр салыктарды төлөөнүн башка инновациялык методдорун да пайдаланат. Мисалга алсак, 2019-жылы банкомат аркылуу 18,6 млн сомго 16 миң 824 төлөм, веб-касса – 41,2 млн сомго 9 миң 173 төлөм, интернет-банкинг – 15,2 млн сомго 17 миң 192 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу – 8,3 млн сомго 13 миң 278 төлөм, электрондук капчык – 2,6 млн сомго 3 миң 314 төлөм жүргүзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>