Салык кызматы аткезчилердин мыйзамсыз ишине бөгөт койду

Салык кызматы аткезчилердин мыйзамсыз ишине бөгөт койду

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан аткезчилик жолу менен өткөрүлгөн товарларды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Алсак, «Чоң-Капка авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 21,8 тонна алма, 2,3 млн сомдук 27,7 тонна түтүк, 17,7 млн сомдук 1442 даана унаанын айнегин алып кирүү аракетине бөгөт коюлган. Бардык импорттоочуларда товарларды ташып кирүүгө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

«Ак-Тилек авто жолу» постунан айдоочулар 8,2 тонна пеноплекс, товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 974 миң сомго 1304 коробка жемиш жана коштомо кагазы жок 4,4 млн сомдук консолидацияланган жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

«Чалдовар» контролдук-өткөрмө пунктунан товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 65 коробка Herbalife продукциясын алып өтүп бара жаткан унаа кармалган.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>