Салык кызматы : Жыл башынан бери 27 миң салык төлөөчү патентти онлайн сатып алышты

Салык кызматы : Жыл башынан бери 27 миң салык төлөөчү патентти онлайн сатып алышты

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 7 айында салык төлөөчүлөргө өзүнүн сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө 26 миң 999 патент берди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

2018-жылдын 1-октябрынан тартып салык төлөөчүлөр бул кызмат көрсөтүүнү 32 миң 547 жолу пайдаланган.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн. Ошондуктан салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патент үчүн төлөмдү терминалдар, банкоматтар жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда электрондук патент үчүн «Viza» жана «Элкарт» карточкалары аркылуу бир катар банктардан («Демир банк», «Кыргызкоммерц банк», «РСК Банк»), ошондой эле «Элсом», «Умай» жана «Аманат» мобилдик капчыктары аркылуу ишке ашыра алат.

Ошондой эле «Оптима банк», «РСК Банк», «Айыл банк», «БТА банк», Quickpay, Megacom, AsisNur, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана «РСК Банктын» жана «Айыл банктын» кассалары аркылуу накталай төлөмдөр каралган.

МСКнын электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча шлюзга башка коммерциялык банктарды жана төлөм терминалдарын кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>