Самаркандда үлпөт тойдон кийин коноктор тамакка ууланды

Самаркандда үлпөт тойдон кийин коноктор тамакка ууланды

16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында жети адам тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылды.

«16-сентябрда эки сааттын ичинде шаардын ар кайсыл бөлүгүндө жашаган жети тургун облустук ооруканага кайрылды. Алардын бардыгынын оору белгилери окшош болгон», — деп билдирди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Кийинчерээк ооруканага кайрылгандардын бардыгы тең 14-сентябрда шаардагы «Мўжиза» ресторанында өткөн үлпөт тойдо мейман болгону аныкталган. Алар арткан тамак-ашты үйлөрүнө алып кетип, эртеси жеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>