Сапар Исаков абактан ооруканга жеткирилди. Жакындары анын инсульт болгонун жазышууда

Сапар Исаков абактан ооруканга жеткирилди. Жакындары анын инсульт болгонун жазышууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков  ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу  РЕПОРТЕР агенттигине аталган түзүмдүн басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

“Исаковдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу дарыгерлердин консилиуму өттү. Анын негизинде ага кыр арка омурткасындагы кан тамырларынын синдрому деген диагноз коюлду. Мындан улам ал врачтардын коштоосунда ооруканага жеткирилди. Аызр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада жатат”, — деди Сулайманов.

Атайын кызматтын маалымат катчысы Исаковдун кайсы оруканада дарыланып жатканын айтуудан ьаш тартты.

 Мурдагы  өкмөт башчыга кеңешчи болуп эмгектенген  Гүлнура Төралиева “Фейсбукка”Исаковдун инсульт болгонун жазды.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков  Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишке байланыштуу өткөн жылдын июнь айынан бери УКМКнан убактылуу кармоо жайында кармалып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>