Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга кошумча 500 квота бөлдү

Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга кошумча 500 квота бөлдү

Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга ажылык сапары үчүн кошумча 500 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бул квота Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын суранычы менен жүзөгө ашырылып, квота улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде калктын санына жараша район, айыл өкмөт деңгээлине чейин 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бөлүштүрүлдү.

2019-жылы 500 доллар төлөп, ажылыкка баруу үчүн каттоого алынып, бирок кезек күтүп турган жарандар эми аймактык кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алышып, калькуляцияда көрсөтүлгөн 3000 доллардан калган 2500 долларын РСК банкына 2019-жылдын 8-июлюна чейин РСК Банктын жумуш убактысы аяктаганча төлөө зарыл.

Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Эми жалпы келген квотанын саны 6010ду түздү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>