Саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды

Кечээ, 3-февралда саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу боюнча сот отуруму өттү.

Биринчи Май райондук соту Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн 9-апрелге чейин узартты.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланган.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>