Сехудого Шевченко жооп кайтарды: Менин алтынымды алгың келеби, ал абдан корголгон

Сехудого Шевченко жооп кайтарды: Менин алтынымды алгың келеби, ал абдан корголгон

UFC уюмунда эркектер арасында 2 салмак даражада чемпион болгон Генри Сехудо аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпион кыргызстандык Валентина Шевченкону беттешке чакырды. Сехудо мындай пикирин «TMZ» басылмасына берген маегинде билдирген.

Сехудонун максаты  кимде UFCнин алтын куру болсо ошону алуу керектигин белгилеген.

«44,9 килограммдан 65,8 килограммга чейинки салмактагылар менен мушташууга даярмын. Дагы эмне экенин билесиңерби? Эгерде Аманда Нуньес дагы кааласа мен даярмын. Валентина Шевченко, сени дагы чакырам. Мен туткундагыларды албайм! Мен алтын издөөчүмүн. Эгерде анын алтыны бар болсо, мен анын алтынын алгым келет», – деди ал.

Валентина Шевченко Сехудого социалдык түйүн аркылуу жооп кайтарды.

«Менин алтынымды алууну каалайсыңбы, ишенимдүүбү? Ал абдан жакшы корголгон!» – деп жазды Шевченко.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>