Шаардык сот Сыргак Кенжебаевди камакта калтырды

Шаардык сот Сыргак Кенжебаевди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин анын адвокаты Биринчи май райондук сотунун Кенжебаевди 20-февралга чейин камакта калтырган чечимине каршы шаардык сотко даттанган.

Белгилей кетсек, Ширин Айтматованын күйөөсү делген ишкер Сыргак Кенжебаев 19-декабрь күнү Алматынын аэропортунан кармалган.

Айтматова жолдошун кармалышын саясий репрессия катары баалаган.

Бирок УКМК Кенжебаев Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдош экенин билдирген. Ошондой эле атайын кызмат Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң доллар алып, бербей койгону үчүн кармалганын айткан.

Экс-депутат Ширин Айтматова өзү жетектеген “Үмүт 2020” саясий кыймылы аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн сындап келет.

сүрөт: azattyk.org

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>