Шайырбек Абдырахаман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө болду

Шайырбек Абдырахаман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө болду

Журналист Шайырбек Абдырахаман уулу  Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине мүчө болду. Тийиштүү токтом 12-феварлда кабыл алынганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Абдырахаман уулу  Байкоочу кеңештин курмамына президенттин квотасы боюнча киргизилген.

Шайырбек Абдырахаман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүгөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>