“Шалпылдатып бала жасай бербей багууну да ойлонгула”. Карыпбековдун посту талкууга түштү

“Шалпылдатып бала жасай бербей багууну да ойлонгула”. Карыпбековдун посту талкууга түштү

Коомдук телерадио корпорациясынын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун “Инстаргам” бракчасына жазган билдирүүсү интернет колдонуучуларын эки жаат кылды.

Анда Карыпбеков көп балалуу үй-бүлөлөргө кайрылып, балалуу болуштан мурун аны бугууну ойлонгула деген ойду айткан.

“Баланы го биринин аркасынан бирин кой десе болбой былтыйтып, же былтыйып жасап жатасың. Ошо мощно берилип алып жасап жаткан учурда бир жолу аны кантип багам деп дагы ойлоп койчу айланайын былтыйган чырагым…

… Себеби балдарды шалпылдатып жасаганын жасап алып, анан бага албай айласы кетип, карызга баягы бала жасагандай былтыйып атып, анан көп адам өз жанын кыйып жатканына күбө болуп жүрөм…

…Карызга батып батыыыып болушунча, анан өлүп жыргап кете беришет жакши калгыла деп коюп. А үй бүлөсү, 5-6 баласы, аялы, ижарага алган батирде, эптеп күнүмдүк акча таап өлбө жаным өлбө деп араң жан болуп атса, үстүнө сен акмактын карызы барып түшөт. Ошол өлөм деген акмак өзүнүн маселесин чечип кете берди, а балдары, жакындары андан беш бетер кор болду…”, — деп жазган. (автордун жазгандары кыскартылды — ред. )

Интернет колдонуучулардын айрымдары Карыпбековдун ойун кубаттаса, айрымдары» ар бир бала ырыскысы менен төрөлөрүн» айтып анын сөзүн четке кагышууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Жанагы балдарды биринин артынан бирин жасап жатып сюйгөнүнө «Жаным, алтыным, секетим, чырагым….» деп жаткандардын эсине. ***** Баланы го биринин аркасынан бирин кой десе болбой былтыйтып, же былтыйып жасап жатасың. Ошо мощно берилип алып жасап жаткан учурда бир жолу аны кантип багам деп дагы ойлоп койчу айланайын былтыйган чырагым. Себеби балдарды шалпылдатып жасаганын жасап алып, анан бага албай айласы кетип, карызга баягы бала жасагандай былтыйып батып, анан көп адам өз жанын кыйып жатканына күбө болуп жүрөм. Өзүнүн жанын кыям деген адам ошо менен маселемди чечем деп ойлойт окшойт. Ооба, балким өзүнүн маселеси чечилетдир. Бирок сен анда адам деле эмессиң! Жеткен, накта айбандын айбаны, эгоисттин эгоисти экенсиң. ***** Карыздарың сен өлсөң сенин эле жакындарыңдын башына түшөт, сени менен кошо о дүйнөгө кетпейт. Кетсе мен деле миллиардга жакын карыз алып, балдарыма берип, эми ушундай болуп калды, туура түшүнгүлө деп коюп кете берет элем. Андай эмес. Карызга батып батыыыып болушунча, анан өлүп жыргап кете беришет жакши калгыла деп коюп. А үй бүлөсү, 5-6 баласы, аялы, ижарага алган батирде, эптеп күнүмдүк акча таап өлбө жаным өлбө деп араң жан болуп атса, үстүнө сен акмактын карызы барып түшөт. Ошол өлөм деген акмак өзүнүн маселесин чечип кете берди, а балдары, жакындары андан беш бетер кор болду. ***** Ошондуктан кумарга батып жаткан досум, жакшылап дагы бир ойлонуп иш кылалычы. Эркексиңго если чо. Бирдеме болсо эле көкүрөктү уруп эркекмин деп калмай жайыбыз бар. Эркек өзүнүн булчуңу, чочосу менен эле эркек эмес, ал экөөнө кичине мээни, жоопкерчиликти дагы кошолу э? Ошондо өлүп кетет элем деген нерсе ойго дагы келбейт. ***** Давай достор, абайлап шалпылдагыла.

Публикация от Ilim Karypbekov (@ilim_karypbekov)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>