Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолу аймактарында 29-январдан 31-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>