Ширин Айтматованын жолдошу эки айга камалды

Ширин Айтматованын жолдошу эки айга камалды

“Үмүт 2020″саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын жолдошу эки айга камалды. Бул тууралу ал Twitter`ге жазды.

Азырынча Биринчи Май райондук соту жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев 19-декабрь күнү Алматынын аэропортунан кармалган.

Айтматова жолдошун кармалышын саясий репрессия катары баалаган.

Бирок УКМК Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң доллар алып, бербей койгону үчүн кармалганын айткан.

Ширин Айтматова өзү жетектеген «Үмүт 2020» саясий кыймылы аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн сындап келет.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>