Штаб: Өлкөдө күнү-түнү коменданттык саат киргизилбейт

Штаб: Өлкөдө күнү-түнү коменданттык саат киргизилбейт

Өкмөт өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизиле тургандыгы жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун коменданттык саатка байланышкан сөздөрүнүн үзүндүсү гана алынып, туура эмес чечмеленген.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда ушу тапта коронавирус аныкталган 107 киши бар. Бул илдетти жайылтпаш үчүн Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бир катар чектөөлөр коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>