Соцфонд: Атамбаев экс-президент катары 100 миң сом пенсия алууда

Соцфонд: Атамбаев экс-президент катары 100 миң сом пенсия алууда

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге 100 миң сом пенсия төлөнүп жатат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагысы Медер Ирсалиев маалымат жыйында билдиргенин 24.kg басылмасы жазып чыкты.

Медер Ирсалиев Атамбаевге пенсиянын үзгүлтүксүз төлөнүп жатышын, экс-президент макамы тууралуу мыйзамга байланыштуу деген.

«Бул мыйзамда жазылган: экс-башчынын пенсиясы акыркы эмгек акысынын 75% эсептелинет. Соттон Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамын ажыратуу боюнча чечими чыккандан кийин, Соц.фонд ай сайын пенсия которуусун токтотот», — деди ал.

Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш  103 депутаттын макулду менен  Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>