Соцтармактарда макал-лакап баттл челленджи башталды — видео

Соцтармактарда макал-лакап баттл челленджи башталды — видео

Жеке ишкер Тимур Файзиев Соцтармактарда макал-лакап баттл (#MakalLakapBattle) челленджи баштады. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Айтымында, негизги максат- кыргызча сүйлөп тилди өнүктүрүү.

«Келгиле достор өзүм кыргыз болбосом дагы кыргызча сүйлөп, мекенибиздин тилин өнүктүрөлү. Өзүңдүн жакшы көрүп, билген макалыңды видеого тартып, #MakalLakapBattle хештегин коюп интернетке жүктө. Эгерде челленджде 100-дөн ашык видео топтолсо, анда эң өзгөчө жана чыгармачыл видео үчүн Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бирине жолдомо ойнотом. Даярсыңарбы! Анда кеттик! Ким кандай макал-лакаптардан билет?», — деп жазган ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>