Сокулук районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин сөөгү табылды

Сокулук районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин сөөгү табылды

Чүй облусунун Сокулук районунан алыс эмес Белек айылынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер бөлүмүнүн башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-мартта 130-берененин «Киши өлтүрүү» фактысы менен Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милициянын белгилешинче, маркум 24 жашта. Ал Бишкекте такси кызматында иштечү.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин материалдарынын негизинде Сокулук районунун Ички иштер бөлүмү кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>