Сокулук РИИБдин жетекчиси катышкан жол кырсыгы: Кичиавтобустун айдоочусу ооруканада каза болду

Сокулук РИИБдин жетекчиси катышкан жол кырсыгы: Кичиавтобустун айдоочусу ооруканада каза болду

Сокулук райондук милициясынын жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында жаракат алган кичиавтобустун айдоочусу ооруканада каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, жабырлануучу 9-декабрда каза болгон.

Белгилей кетсек,  райондук милициянын башчысы Максат Чойбеков  7-ноябрь күнү Mercedes Benz унаасы менен менен баратып, Mercedes Sprinter унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана кичи автобустагы эки жүргүнчү жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясынын жетекчиси Максат Чойбеков кызматтан убактылуу четтетилип, ишти иликтөө УКМКга тапшырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>