Сокулукта 5 күн мурун сөөгү табылган адамды өлтүргөндөр кармалды

Сокулукта 5 күн мурун сөөгү табылган адамды өлтүргөндөр кармалды

Сокулук районунун Фрунзе-Совхоз айылында жансыз денеси табылган адамды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук миилциясынын басма сөз кызматы кабаралды.

Буга чейин өздүгү такталбай жаткан 30-35 жаштагы маркум 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары Чүй облусунун 27 жана 30 жаштагы тургундары кармалган.

Малыматка караганда, маркум жатак абакта жазасын өтөп жаткан. Ал  шектүүлөр менен тааныш болгон. Алар 3-октябр күнү жолугуп спирт ичимдигин ичишип андан соң жаңжалдашып кетишип, окуя өлүм менен аяктаган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>