Сокулукта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үч кабаттуу үй курулууда

Сокулукта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үч кабаттуу үй курулууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Чүй облусунун Сокулук районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак-жайдын курулушуна капсула салышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Үйдүн курулушуна айыл өкмөт жер тилкесин бөлүп берген.

«Ассанабил» кайрымдуулук фонду үч кабаттуу үйдүн курулушун баштады. Бул турак-жай Чүй облусунун жаш майыптар коомунун мүчөлөрүнө курулат», — деп коомдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулу айтты.

Анын айтымында, бул имаратта атайын тигүүчү, устакана цехтери жана окутуу борбору жайгашат.

Иш-чаранын алкагында жеке ишкер Улан Жусупов өзүнүн 2 кабаттуу үйүн майыптар коомуна белек кылды.

Министр өз сөзүндө демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын демилгеси менен Кыргызстанда бир топ ийгиликтүү долбоорлор ишке ашып жатканын баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>