Сокулукта уктап жаткан аялын балталап өлтүргөн адам кармалды

Сокулукта уктап жаткан аялын балталап өлтүргөн адам кармалды

Сокулук районунун 51 жаштагы тургуну өз аялын балталап өлтүргөн деп кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Маалым болгондой, 30-сентябрь күнү эрте менен райондук милицияга адам өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Ыкчам тергөө топ, окуя болгон Биринчи май көчөсүндөгү үйгө барып, 43 жаштагы аялдын зомбулук менен өлтүрүлгөнүн табышкан.

Маалыматтарга караганда, шектүү аялы уктап жатканда балта менен башка чаап өлтүргөн. Андан соң ал өзүнүн 8 жашар уулун кошуналарына калтырып, аялын өлтүргөнүн айтып, белгисиз жакка кеткен.

Учурда шектүү Бишкетеги №1 тергөө абагына камалган. Бул факт Жазык кодексиндеги адам өлтүрүү беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>