Сүрөт — Сокулукта жаңы ат майдандын ачылышына карата ат оюндары болуп өттү

Сүрөт — Сокулукта жаңы ат майдандын ачылышына карата ат оюндары болуп өттү

10-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтуу айылында жаңы ат майдандын ачылышына карата ат оюндары болуп өттү.

Маалым болгондой, жаңы ат майдан “Күнтуу” коомунун жана Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен курулган.

Жаңы курулган ат майданда, элди коноктоп тосуп алуу максатында сегиз боз үй тигилип, майрамдык программа жана ат оюндары ( тай, кунан, аламан чабыш) болуп өттү.

Ат оюндарына баш байге катары эки «Жигули» автоунаасы, үч тай жана көптөгөн кой, эчкилер коюлду.

Тай чабышта  Аламүдүн районунан келген, “Пегас” аттуу аргымак алдына ат салдырбай биринчи орунду алып, байгеге коюлган тайды жетелеп кетти.

Кунан чабышта Бишкек шаарынан келген “Кундуз”  аргымагы биринчиликти эч кимге бербей, «Жигули» афтоунаасына ээ болду.

 Аламан байгеде Бишкек шаарынын “Ханыша”  аттуу арыгмагы күлүктөрдөн алдыда келип, «Жигули» автоунаасын алып кетти.

Жаңы ачылган ат майданга, ” Күнтуу” коомунун мурдакы башкаруучуларынын бири, Уранбек Темировтун ысымы ыйгарылды. 

Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>