«Солтон Сары» кенинен 4 миллион сомдук алтын продуктусун уурдагандар кармалды

«Солтон Сары» кенинен 4 миллион сомдук алтын продуктусун уурдагандар кармалды

«Солтон Сары» алтын кенинен алтын чыгаруучу фабриканын алтын камтыган өнөр жай өндүрүшүн системалык түрдө уурдаган канал кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитеттен билдиришти.

Такталгандай, «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй областарынынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган.

2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» авто унаасы кармалып, анда өлчөмү 1500 кг турган 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн. сомду түзөт.

Башкы тергөө башкармалыгынын материалдары Жазы кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды .

2019-жылдын 29-декабрында «Солтон Сары» кенинин башчысы «А.М.Ж.», «Солтон Сары» алтын кен фабрикасынын директору «О.Б.Ж.» жана адиси «К.Н.Р.» кармалып  УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>