Солтон-Сары: Оорукканага түшкөн 20 адамдын баш мээси чайкалган

Солтон-Сары: Оорукканага түшкөн 20 адамдын баш мээси чайкалган

Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосундагы жаңжалдан улам 20 адам ооруканага түштү. Саламатттыкты сактоо министирлигинен билдиргендей, алардын баары кытайлыктар.

“Жабыркагандар Нарын облустук ооруканага 4:30да алынып келинди. Аларага “башынан жараат алган, мээси чайкалган” деген диагноз коюлган. Дарыгелрлер жабыркагандардын абалы туруктуу экенин жана баардык даары дармек менен камсыздалганын айтышууда”, — деп жазылат маалыматта.

 5-августта Солтон-Сары кенине 500 адам барып, кендин жабылышын талап кылган.  Бирок кытайлыктар жергиликтүүлөрдү таш менен ургулаган. Мындан улам эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Бүгүн жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>