Кен казылып жаткан Солтон-Сарыда жандыктар өлүп жатат. Экотехинспекция аталган жайды текшере албайт

Кен казылып жаткан Солтон-Сарыда жандыктар өлүп жатат. Экотехинспекция аталган жайды текшере албайт

Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда белгисиз оорудан улам майда мал жандыктар өлүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү малчылар кабарлаган.

 Малчылар жандыктардын өлүмүн  жайлоодогу алтын кенди казып жаткан кытайлык компаниянын иши менен байланыштырышууда.

Алардын айтымында, кенчилер экологиялык талаптарды сактабай, жардыруучу заттарды ачык пайдаланышууда. Жардыруудан киийн ар кандай химиялык уулу заттар айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

Ал эми, жергиликтуү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү  өлгөн малдардын этин лабораторияга алып кетишкен.

Экологиялык-техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы болсо, аталган жайды Экономика министрлигинин уруксатысыз текшере албашын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Маалыматтарга караганда, Солтон-Сары жайлоосунда кытайлык “Жойжинг майнинг” компаниясы кен казыууда. Учурда 37 экскватор, 100дөй хово иштеп жатканы атылат.

Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>