Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде турганын жана стратегиялык өнөктөштүк орнотулганын билдирди.

«Ынак кошуналык мамилелер бекемделип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүүдө, биргелешкен ишканалар түзүлүп, чекара кызматташтыгы өнүгүп жатат», — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Комил Рашидовду премьер-министрдин кеңешчиси — чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча Департаменттин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшкөн түзүлгөн жагымдуу шарттар үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>