Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды

Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдирди.

Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйыны өтүп жатат. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Ильхам Алиев эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы былтыркы ТТМКК Саммитинин жүрүшүндө маселелердин кеңири спектри талкууланганын айтты.

Ильхам Алиев Сооронбай Жээнбековго Кыргызстан Түрк кеңешинде натыйжалуу төрагалык кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Ильхам Алиев чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>