Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынан каржылык жардам көрсөтүүнү суранды

Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынан каржылык жардам көрсөтүүнү суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-мартта Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДейган менен жолугушту.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тышкы көйгөйлөрдүн шартында Кыргызстан менен АӨБдүн эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Өлкө башчы коронавирус инфекциясынын жайылышына жана мындан улам ишкердик активдүүлүктүн жай болуп жатканын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков АӨБгө Кыргызстанга коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн экономикалык тобокелчиликтерди азайтууга каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылды.

АӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис МакДейган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам кризистик кырдаалга кептелгендиктерин айтып келип, эпидемияга каршы күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн экономикасын колдоо үчүн АӨБ каражаттарды мобилизация кыла тургандыгын ишендирди.

Ошондой эле Кандис МакДейган АӨБ өзгөчө абал шарттарында саламаттыкты сактоо системасын колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу максатында башка өнөктөштөр менен консультацияларды өткөрө тургандыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>