Сооронбай Жээнбеков БАЭнин компанияларын Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырды

Сооронбай Жээнбеков БАЭнин компанияларын Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында, аталган өлкөнүн  ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

 12-декбарда президент Жээнбеков баштаган делегация менен БАЭдеги ири компаниялардын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүшкөн. Жолугушууга ошондой эле Абу-Даби жана Дубай шаарларынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышкан.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү боюнча чоң иш-аракеттерди аткарганын белгиледи, бизнести каттоо кыйла жөнөкөйлөштү, ал үчүн үч күндөн ашык убакыт кетпейт. Бизнести негизсиз текшерүүлөр кыскарган, жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулган. Кыргызстандагы салык чендер төмөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков жогорудагы шарттарды эске алып, ири компаниялардын өкүлдөрүн жана жетекчилерин Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлоруна инвестиция жасоого чакырды жана мамлекеттик органдар тарабынан бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>