Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында эл менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков  Баткен облусунун Ак-Сай айылында эл менен жолугушту

«Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат», — деп баса белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун айылдарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

 Мамлекет башчысы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына  бара жатып жолугушту.

Президент укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды.

«Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат», — деди өлкө башчы.

Ошондой эле президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.

Мамлекет башчысы Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин  чектеш Тажикстандын Исфара шаарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>