Сооронбай Жээнбеков КМШнын саммитине катышуу үчүн Ашхабадга барды

Сооронбай Жээнбеков КМШнын саммитине катышуу үчүн Ашхабадга барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстандын  борбору Ашхабад шаарына учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Саммитте КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат.

Өлкө башчы саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөрү болжолдонууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>