Сооронбай Жээнбеков Кой-Ташта болгон башаламандык боюнча комментарий берди

Сооронбай Жээнбеков Кой-Ташта болгон башаламандык боюнча комментарий берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, КР Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн.  

«Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу. Тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарыл», — экенин жыйындын катышуучуларына Жээнбеков айтты.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>