Сооронбай Жээнбеков: КСДПнын азыркы абалына мен да тынчсызданып, боорум ооруп жатат

Сооронбай Жээнбеков: КСДПнын азыркы абалына мен да тынчсызданып, боорум ооруп жатат

Бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анда өлкө башчыга алдыда боло турган парламенттик шайлоодо кайсы партияга көзүңүз түз деген суроо берилди.

«Мен бир да партияны колдобойм. Бардыгы мен үчүн бирдей. КСДПдан чыктым. Аталган партиянын азыркы абалына мен да тынчсызданып, боорум ооруп жатат. Мурдагы партиялаштарым, тактап айтканда КСДПнын депутаттары эмне кылабыз? деп кайрылышууда. Айттым аларга да мен мурдагыдай силерге каражат берип, жардам кыла албайм. Башка партия түзгүлө же башкаларга кошулгула деген кеңешимди гана берип жатам», — деди өлкө башчы Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>