Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык

Бүгүн, 28-августта президенти Сооронбай Жээнбеков «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясатты камсыздоо бөлүмү билдирди.

Андан экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр.

Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутум, социалдык объектилердин курулушу, энергетика жана башка тармактарда биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Аль Бавани Ко ЛТД» аткаруучу директору Фахер Аль Шаваф мамлекет башчысына компаниянын Кыргызстандын ички рыногунда инвестициялоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Ал «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>