Сооронбай Жээнбеков: Садыр Жапаровго ырайым берүү боюнча арыздын жообун жакында угасыңар

Сооронбай Жээнбеков: Садыр Жапаровго ырайым берүү боюнча арыздын жообун жакында угасыңар

Бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анда өлкө башчыга камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго ырайым берилиши канчалык мүмкүн? деген суроо берилди.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине киришкенде көп саясатчылар камакта экенин айтып, бул маселелерди алдына коюлуп жатканын билдирди.

«Сот бийлиги өзүлөрү чечим кабыл алып, абакта жаткан кээ бир саясатчылар эркиндикке чыкты. Садыр Жапаровду чыгаргыла деп сотко айтсам бул – популисттик болуп эсептелет. Сот системасы мамлекеттин өзөгү. Бул системаны реформа кылуу керек.  Бирок сотторду мыйзамдын негизинде чечкенди үйрөтүүбүз зарыл.

Жашырганда эмне. Айтайын… Аппарат президент бул маселени кандай кылалы деп кайрылышты. Аларга мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң, сот болосуңбу, ким болосуң жооп бересиң дедим.

Жапаровго ырайым боюнча арыз учурда каралып жатат. Мен жалгыз чечпейм, ырайым берүү боюнча жакында угасыңар жообун», — деди президент Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>