Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат

Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат. Бул тууралуу 10-декабрда Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд, Сауд Арабиясынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланат.

Мындан тышкары мамлекет башчы Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын Элчилигинин имаратынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештери менен жолугушат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>