Сооронбай Жээнбеков шайлоо босогосу боюнча өз оюн билдирди

Сооронбай Жээнбеков шайлоо босогосу боюнча өз оюн билдирди

Бугүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында сүйлөп жатып шайлоо босогосу боюнча өз оюн билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, 9 пайыздык босоголук чекти демилгелеп, колдогондордун башкы максаты  партияларды ирелештирүү болгон.

“Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, буга саясий күчтөр жана партия лидерлери даяр эмес. Жашырганда эмне “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дейт. Ар бир саясатчы өздөрүн лидер катары тааныйт. Ошондуктан партияларды ирелештирүү саясатчыларыбыз үчүн эрте болорун көрсөттү. 7 пайыз бул биз басып өткөн жол. 5-3 пайызга төмөндөтүү боюнча айткандар жаштарга мүмкүнчүлүк берели деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Чынында алар жаштарды бетине кармап алып, өз камылгасын көрүп жатышат. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар жети өлчөп бир кесет деп ойлойм”, — деди Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>