Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарына учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын  Өзбекстанстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>