Сооронбай Жээнбеков тажик элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков тажик элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда Тажикстандын преизденти Эмомали Рахмонду жана тажик элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан сизди жана жалпы тажик элин Тажиктсандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Эки мамлекеттин ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшулук мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем”, — деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>