Сооронбай Жээнбеков узак мөөнөттүү турак жай насыясын 6%га түшүрүүнү талап кылууда

Сооронбай Жээнбеков узак мөөнөттүү турак жай насыясын 6%га түшүрүүнү талап кылууда

Президент Сооронбай Жээнбеков  Кыргызстандын жарандарын узак мөөнөттүү турак жай насыясы үчүн керектүү шарттарды түзүү керектигин билдирди. Ошондой эле насыянын үстөгүн 6 пайызга чейин түшүрүүнү талап кылууда.

Жеткиликтүү турак жай программасынын 2025- жылга чейинки стратегиясы иштелип жатат.

Белгилей кетсек, 2016-жылы арзан турак жайдын пайызы 12-14%дан берилсе, 2019-жылы 6-8%дын тегерегинде болуп жатат. Бул туурасында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасынын орун басары Нуржигит  Усенакун уулу маалымдады.

Кошумчалай кетсек, МИК уюшулгандан тартып 2019-жылга чейин республикалык бюджеттен 4,2 млрд. сом бюджеттик насыяга бөлүнгөн. Муну менен катар «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жүгүртүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен ипотекалык насыяга дагы 1 089,9 млн. сом берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>