Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышат

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. 

Ошондой эле иш сапардын алкагында, өлкө башчысы Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Айта кетек май айында  85 жаштагы Япон императору Акихито такты  59 жаштагы уулу Нарухитого өткөрүп берген. Анын такка отурушу менен өлкөдө жаңы Рэйва доору башталган. 22-октябрда императордун такка отурушуна  байланыштуу иш-чара өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>