Сот департаментинин мурдагы башчысы Рустам Ибраимов кармалды

Сот департаментинин мурдагы башчысы Рустам Ибраимов кармалды

Жогорку сотунун алдындагы сот  департаментинин мурдагы башчысы Рустам Ибраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун жаңы имаратын куруу иштери боюнча тендер өткөрүүдө, өзү үчүн материалдык байлык топтоо максатын көздөп, анын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке ири суммадагы чыгым келтирилген.

Жогоруда укук бузууларда сот департаментинин жетекчилигинин катышуусу бар экендигине түздөн-түз далилдер алынган.

Буга байланыштуу тергөө иштеринин жыйынтыгында сот департаментинин статс-секретары К.С., башкармалыктардын биринин бөлүм башчысы А.А., башкы адиси Г.Ж., жана ошондой эле Ж.Т. карата камака алуу боюнча башкоргоо чаралары каралды.

Ал эми Рустам Ибраимов 31-январда кармалып,  Биринчи май районунун соту тарабынан камака алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>