Сот Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Рожер Стоунду үч жыл төрт айга эркинен ажыратты

Сот Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Рожер Стоунду үч жыл төрт айга эркинен ажыратты

АКШда сот бейшембиде Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Рожер Стоунду үч жыл төрт айга эркинен ажыратты. Ал буга чейин Конгрессте жалган көрсөтмө берүүгө, сот адилеттүүлүгүнө тоскоол болууга жана күбөлөргө кысым жасоого айыпталган.

Стоунго тагылган айыптоолор атайын прокурор Роберт Мюллердин Орусиянын АКШдагы шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсү жөнүндөгү иликтөөсү менен байланышта. Буга чейин иликтөөнүн негизинде Трамптын шайлоо штабынын бир нече кызматкери соттолгон. Бирок айыптоолор Орусия менен байланыштуу эмес.

Стоун Конгресстин Өкүлдөр палатасында WikiLeaks сайтындагы кызматкерлер менен байланышым болгон эмес деп жалган айткан. Кийинчерээк Стоундун Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин серверинен уурдалган документтерге WikiLeaks ээлик кыларын билери аныкталган.

Мамлекеттик айыптоочулар 67 жаштагы Стоунга алгач 7ден 9 жылга чейин жаза берүүнү сурашкан. Бул сунуш анын эски досу Трамптын ачуусун келтирген. Башкы прокурор Уильям Барр өкүм тууралуу сунушту кайра карап чыгууну тапшырган, ушундан кийин төрт прокурор отставкага кеткен. Демократтар Трампты сот адилеттүүлүгүнө тоскоол жаратып жатат деп айыпташкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>